• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Аймактарда көгүлтүр от өчүрүлөт. Дареги жана убактысы

Коом 0

Бишкек, 16.08.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Майлы-Суу жана Кара-Балта шаарларында бүгүн көгүлтүр от жок болот, - деп билдирет "Газпром Кыргызстан" ишканасынын басма сөз кызматы.

Оңдоо иштерине байланыштуу көгүлтүр от төмөнкү жерлерде өчүрүлөт:

  • 16-августта Жалал-Абад облусунун Майлы-Суу шаарында;
  • 16-августта Кара-Балта шаарындагы Горный, Калининск, Шопоков, Оторбаев көчөлөрүндө жана Т. Кожомбердиев проспектинде.

Ишканадан кабарлашкандай, оңдоо иштери коопсуздукту жана жабдыктардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий