• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Аймактарда Кайгуул кызматын киргизүү үчүн 456 млн сом талап кылынат

Коом 0

Бишкек, 28.01.20 /Кабар/. Аймактарда Кайгуул кызматын киргизүү үчүн болжол менен 456 млн сом талап кылынат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Нур Сатыбалдиев билдирди.

"Ош шаарында, облустун борборлорунда Кайгуул кызматын түзүү пландалууда", - деди ал.

Белгилей кетсек, азыркы тапта Кайгуул кызматы Бишкекте иштеп жатат. Бишкек шаардык милициясынын Кайгуул кызматында 554 кызматкер иш алып барууда. Сатыбалдиев белгилегендей, учурда ИИМдин академиясында 202 киши окуудан өтүүдө. Алар сынак тапшыргандан кийин кызматка киришет.

"Андан тышкары 144 орун бош турат. Аларга 224 киши арыз таштады. Алар тандоодон өткөндөн кийин үч айлык окууга жөнөтүлөт", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий