• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Аймактарда муктаж болгондорго жардам берүү максатында атайын эсеп ачылат -Жээнбеков

Президент 0

Бишкек, 19.12.18. /Кабар/. Кыргызстандын аймактарын өнүктүрүү иш-чарасынын алкагында жер-жерлерде атайын эсеп ачылып, ал кайрымдуулукка коротулат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков журналисттер менен болгон жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, атайын эсепке түшкөн каражаттар аз камсыз болгон жана көп балалуу үй-бүлөлөргө, ошондой эле ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге колдоо жана жардам катары берилет.

Мамлекет башчысы аларга өз чарбачылыгын жүргүзүү үчүн керектүү буюмдар же кой алына тургандыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий