• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Аймактарда район акимдери активдерге тааныштырылды

Аймак 0

Бишкек, 25.05.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын облустарындагы жергиликтүү активдерге Кыргыз Республикасынын президентинин «Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу алкагында дайындалган, ошондой эле ротациядан өткөн райондук мамлекеттик администрация башчылары –акимдери тааныштырылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тааныштыруунун жүрүшүндө район башчыларынын ишиндеги негизги багыттар белгиленди, өзгөчө басым аймактагы социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдү жакшыртуу боюнча ыкчам чараларды кабыл алууга жасалышы керек.

Белгилесек, 24-майда Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жаңы дайындалган, ошондой эле ротациядан өткөн райондук мамлекеттик администрация башчылары – акимдери менен жумушчу кеңешме өткөргөн, анын жүрүшүндө акимдер алдында турган маанилүү милдеттерди көрсөткөн.

Пикир

Оставить комментарий