• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Аймактардагы мамлекеттик ММКлар облустук медиаборборлорго биригет

Коом 0

Бишкек, 03.12.19. /Кабар/. Аймактардагы мамлекеттик ММКлар облустук медиаборборлорго биригет. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Маданият министрлигинин Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин директору Салкын Сарногоева билдирди.

Ал белгилегендей, aймактардагы мамлекеттик ММКларды кайра уюштуруунун алкагында облустук телерадиберүү уюмдары, облустук жана райондук гезиттер бириктирилип, 7 облустук медиаборбор түзүлөт.

"Жаңыдан кайра уюшулуп жаткан бардык облустук медиаборборлордо телекөрсөтүү, гезит, веб-сайт, онлайн берүү жана маалымат-борбору платформалары камтылат", - деди ал.

Кайра уюштуруудан улам 110 кызмат оруну кыскартылып, жумуштан кеткен кызматкерлерге кементе төлөнүп берилет. Ошол эле учурда кыскартылган орундардын эсебинен медиаборборлордун кызматкерлеринин айлыгы 15%га көбөйүп, ал болжол менен 700-1000 сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий