Аймактарды айтпай эле коёюн, Бишкекте эндокринологдор жетишпейт - Алыбаева

ТАГДЫР 0

Бүгүн, 14-ноябрда Дүйнөлүк Диабет күнү белгиленди. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, дүйнө жүзүндө 422 млн. адам кант диабети менен ооруйт.

Бул күнгө карата Кыргызстан курортология жана калыбына келтирүү илимий изилдөө институтунун медициналык калыбына келтирүү борборунун бөлүм башчысы Сурмакан Алыбаева кант диабети боюнча суроолорубузга жооп берди.

-Кант диабетинин пайда болушу жөнүндө айтып берсеңиз.

Кант диабети – бул кандагы глюкозанын көбөйүп кетиши. Дүйнө жүзү боюнча 370 миллиондон ашык оорулуу бар. Кыргызстанда быйылкы жылга карата 57 миңден ашык оорулуу каттоого турган. Каттоого турбай билбей жүргөндөр андан 2-3 эсеге көп болушу мүмкүн.

Азыркы мезгилде бул ооруга чалдыккандар ушунчалык тездик менен көбөйүп жатат. 2000-жылы 19 миң, 2010-жылы 33 миң оорулуу катталган.

Диабеттин эки түрү бар: бул 1 жана 2-типтеги кант диабети. 1-типтеги кант диабети жаш (40 жашка чейин) же бала куракта башталат жана өтө оор өтөт. Кыргызстанда мындай типтеги кант диабетине чалдыккан 3900дөн ашуун адам каттоодо турат. Мунун негизги себеби - уйку бези инсулинди дээрлик иштеп чыгарбай калганында. 2-типтеги кант диабети 40 жаштан өткөндөн кийин башталып, оорулуулардын 90 пайызын түзөт.

Кант диабетине алып келүүчү себептер көп:

Кант диабети уйку бездеринин сезгенишинен улам пайда болот. Спирт ичимдиктерин көп ичкендердин уйку бези көп жабыркайт;

Тукум куучулук;

Боюнда болгондо;

Стресс, катуу капалануу;

Ашыкча салмак (майлуу, камыр тамактар);

Кыймыл аракеттин жоктугу;

80 жаштан ашкандан кийин;

Кан басымы бар, холестерин жогору болсо;

Жүрөгү оорукчандар, кан тамырлары атеросклероз болсо;

Тукум куучулук;

4-5 килограмм салмактан ашык бала төрөө.

-Белгилерине токтоло кетсеңиз.

Кант диабетине мүнөздүү көрүнүштөр: зааранын көбөйүшү, ооздун кургашы, суусагандык жана суюктукту өтө көп ичүү, теринин жана былжыр челдердин (биринчи кезекте жыныс органдарынын) кычышканы, теринин ириңдүү инфекциялары, жара айыкпайт, алсыздык, чарчоо, шалдыроо, иш жөндөмдүүлүгүнүн төмөндөшү, табиттин жогору болушуна карабастан арыктоо, көзүнүн көрүүсүнүн начарлоосу.

-Бул илдет өтүшүп кетсе кандай болот, диабеттин коркунучтуу жактарын айтып берсеңиз.

Билбей же дарыланбай жүрө берсе, кант бүт органдарга тескери таасирин тийгизип баштайт, эрте эле майыптуулукка алып келет.

Диабеттик ретинопатия - көрүү начарлайт.

Диабеттик нейропатия - буттун нерв кан тамырлары акырындап бузулуп соолуп, манжалардан баштап чирий баштайт, бутун кескенге туура келет, биринчи белгилери - катуу ооруйт, какшайт, акырындап сезбей калат.

Диабеттик нефропатия - бөйрөктүн иштөө функциясы бузулуп, шишик басып, гемодиализге алып келиши мүмкүн.

Диабеттик остеоартропатия - муундардын иштеши бузулуп, баса албай калат, тизе муундары жана буттун майда муундары жабыркагандыктан, кыймыл азаят.

Диабеттик энцефолопатия(мээ кан тамырлары жабыркап, эстеп калуу жөндөмдүүлүгү начарлайт, башы ооруп, кусуп, баса албай жана сүйлөгөнү так болбой булдуруктап өзгөрүшү мүмкүн.

Кандагы глюкоза азайып же көбөйүп кетсе, кома болуп эсин жоготушу мүмкүн.

-Алдын алуу жолдоруна токтоло кетсеңиз.

Алгачкы алдын алуу – бул диабетти болтурбоо жолу. Мен жогоруда айткан ашыкча салмактагылар, таттууну, камырды көп жегендер, диета кармап, спорт менен машыгып, ашыкча салмакты ордуна келтириши керек.

Кант диабетине чалдыккандан кийин аны өтүштүрбөөгө аракет жасоо керек. Ал үчүн кандагы глюкозаны , глико гемоглобинди көбөйтпөй, холестерин, кан басымды нормада кармасак болот.

-Өкмөт бул жаатта кандай иштерди жүргүзүп жатат?

2006-жылы КРнын кант диабети жөнүндө мыйзамы чыккан. Бул мыйзам боюнча кандагы глюкозанын текшерүү үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда бекер жасалат. Ал эми гликогемоглобинди текшерүү менчик лабораторияларда гана жүргүзүлөт, баасы 550-600 сом турат. Аны оорулуу өзү текшерип тура алгандай глюкометр менен да камсыз кыла албай жатабыз. Эндокринологиялык борборубузда УЗИ аппараты иштебейт, ортопедиялык бут кийимдер жок.

Ар бир инсан өзүнүн ден соолугуна кам көрүшү керек. Районду айтпай эле коёюн, шаарыбызда эндокринологдор жетишпейт.

Пикир

Оставить комментарий