• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Аймактарды өнүктүрүү. Кызыл-Кыянын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча долбоорлор ишке ашырылууда

Президент 0

Бишкек, 12.08.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-августта, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча долбоорлордун ишке ашырылышы менен таанышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлайт.

Кызыл-Кыя шаарынын мэри Эрмекбай Топчубаев ички жолдорду реконструкциялоо, социалдык, билим берүү, медициналык объектилердин курулушу жана оңдоп-түзөө, көчөлөрдүн инфраструктурасын жакшыртуунун жүрүшү тууралуу маалымдады.

Ошондой эле ал шаар аймагында инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагындагы иш-чаралар тууралуу айтып берди.

Президент Сооронбай Жээнбеков аймактарды өнүктүрүү мамлекеттик саясаты биринчи кезекте айыл жериндеги калктын жашоо-турмушун жакшыртууну түшүндүрөрүн белгиледи.

Бул багыттагы комплекстүү чаралар жергиликтүү бийлик тарабынан өзгөчө жоопкерчилик менен ишке ашырылышы керектигин кошумчалады.

Мамлекет башчысы Кызыл-Кыя шаарындагы Масалиев көчөсүн оңдоо иштеринин жүрүшүн көрдү. Ушундай эле иштер Маяковский көчөсүндө жүргүзүлүп жатканы белгиленди.

Эске салсак, аймактык өнүктүрүү мамлекеттик саясатынын алкагында өлкөнүн райондорунун борборлорунда жыл сайын республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен үч чакырымдан кем эмес ички жолдорду асфальттоо жүргүзүлүүдө.

Транспорт жана жолдор министрлигинин маалыматы боюнча 2019-жылы 40 райондун борборунда жана 8 шаарда 140 км жакын жолдор асфальтталган.

Үстүбүздөгү жылы 150 км жолду асфальттоо пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий