• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

«Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду» коомдук фонду түзүлдү

Өкмөт 0

Бишкек, 22.08.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу «Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду» коомдук фонду түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Ушул токтом долбоорунун максаты жана милдети региондордо ишканаларды түзүү жана колдоо, материалдык-техникалык базаны чыңдоо максатында «Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду» коомдук фондун түзүү болуп саналат.

2017-жылдын сентябрында кол коюлган Стратегиялык макулдашуунун алкагында «Центерра Голд Инк.» компаниясы жаратылышты коргоо иш-чараларын каржылоону кеңейтүүгө багытталган жаңы милдеттенмелерди, ошондой эле региондорду өнүктүрүүгө багытталган иш чараларды колдоону өзүнө алат.

Түзүлгөн фонд региондорду өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүчү инвестициялык долбоорлорго, эко-туризмди өнүктүрүү үчүн тийиштүү шарттарды түзүүгө багытталган иш чараларды жана долбоорлорду каржылайт жана колдойт. Өзгөчө, региондордо жаңы ишканаларды түзүүгө жана колдоого, экспортко багытталган өндүрүштү колдоого, инновациялык технологияларга, кайра жаралууэнергия булактарына, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү жана куроо өндүрүшүнө көңүл бөлүнөт.

Макулдашуулардын алкагында Фонддун пайдасына бир нече транш менен 10,0 млн АКШ долларынын түшүүсү, ошондой эле жылдык жалпы кирешеден 0,4 пайыз өлчөмүндө жыл сайын түшүүлөр пландалууда.

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн токтомун кабыл алуу кандайдыр-бир социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.

Мындан тышкары финансы каржаттарынын келип түшүүсү «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому тарабынан жүргүзүлөт. Ошондуктан республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды тартпайт.

Пикир

Оставить комментарий