• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Аймактарды өнүктүрүү фондуна 1,5 млрд. сом келип түшкөн – алар эмнеге жумшалган?

Экономика 0

Бишкек, 02.07.19. /Кабар/. Кыргызстанда кендерди иштеткен компаниялар каржылаган аймактарды өнүктүрүү боюнча 43 фонд бар. Бул тууралуу "Жергиликтүү коомчулуктар жана тоо кен казуучу компаниялар" I бизнес форумунда Экономика министрлигинин аймактык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Мирбек Калмурзаев билдирди.

Анын айтымында, алардын ичинен 36сы райондук фонддор болсо, 7 – облустук фонддор.

"2015-2018-жылдар аралыгында фонддорго 1,5 млрд. сом берилген. Бүгүнкү күнү алардын 1,2 млрд. сому өздөштүрүлгөн. Негизинен каражаттар 425 долбоорду ишке ашырууга жумшалган. Алсак, алар – курулуш, имарат, мектеп, бала бакчалардын оңдоо иштерине, андан тышкары, жолдордун салынышы, таза суу тартуу, сугат, жарыктандыруу, айылдарга интернет тартуу маселелерине байланышкан долбоорлор", - деди ал.

Калмурзаев белгилегендей, каражаттарды өздөштүрүүдө эч бир тарапта пикир келишпестик жок.

"Фонддун байкоочу кеңешинин башкармалыгынын мүчөлөрүнүн 50%ын бейөкмөт уюмдун жана калганын жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү түзөт", - деди ал.

Калмурзаев билдиргендей, компаниялар кирешесинин 2%ын фондго которуп, андан кийин акчаны бөлүштүрүү иштерине аралашпайт.

Пикир

Оставить комментарий