• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Аймактарды өнүктүрүү: Исфана шаарында дарыгер заманбап медициналык борбор ачкан

Аймак 0

Бишкек, 7.08.19. /Кабар/. Баткен облусунун Исфана шаарында гинеколог Жаркынай Ганыева диагностикалык лаборатория жана физио дарылануучу кабинети бар заманбап медициналык борбор ачкан.

Анын айтымында, медициналык борборду Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондусунан алынган насыяга ачкан.

"Жалпы сметалык наркы 18 миллион сомду түздү. Жаңы 30 диагностикалык жабдуулар сатылып алынган. Эң башкысы райондун тургундары борборго же Ошко барбастан биздин клиникадан текшерүүдөн өтө алат. Стационар 35 орунга ылайыкташтырылган. Биздин бейтаптар Бишкек же Ошко караганда бир кыйла арзан жана анализдин бардык түрүн тапшыра алышат", - дейт Ганыева.

Клиникада дээрлик бардык тармактын дарыгерлери жогорку жана биринчи категориянын адистери иштээрин Ганыева кошумчалап кетти.

Пикир

Оставить комментарий