• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Аймактарды өнүктүрүү: Кара-Буура районунда ири канал курулууда

Аймак 0

Талас, 23.07.19. /Кабар/. Талас облусунун Кара-Буура районунда ири канал курулууда.

Сарымсак аталган узундугу 23 чакырым болгон каналдын наркы 690 млн. сомду түзөт. Ал Ислам өнүктүрүү банкы бөлүп берген гранттын эсебинен курулууда.

Кара-Буура районунун акими Баратбек Садыкназаров билдиргендей, азыркы тапта каналдын 6 чакырымы бүткөрүлүп, 200 млн. сом өздөштүрүлгөн.

"Каналдын курулушунун долбоору Өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына киргизилген. Каналдын узундугу 23 чакырым, туурасы 3,5 метр, бийиктиги 1,7 метрди түзөт. Ал жердеги иштерди 2 мекеме аткарып, жергиликтүү тургундардан 60 киши жумуш менен камсыздалган", - деди ал.

Акимдин айтымында, келерки жылы каналдын 4 чакырымын бүткөрүү пландалууда.

"Бул канал 3 айылдын сугат иштерине жетет. 2 миң гектар кайракы жер сугат суу менен камсыздалат. 1 миң 700 гектар жерге суу кенен келе баштайт. Алдыда, каналдын курулуш иштери аяктагандан кийин бул жерлерде кооператив, бакча курууну көздөп жатабыз", - деди ал.

Ал белгилегендей, канал 2021-жылы ишке берилет.

Пикир

Оставить комментарий