• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Аймактарды өнүктүрүү: Кызыл-Кыяда шифер чыгаруучу завод курулууда

Аймак 0

Бишкек, 26.08.19. /Кабар/. Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында шифер чыгаруучу заводдун курулушу жүрүүдө.

Заводдун жалпы аянты болжол менен 3 миң 800 чарчы метрди түзөт. Ишкана үчүн шаар мэриясы 4 гектар жерди бөлүп берген. Заводдун курулушуна 350 миллион сом каралган.

Ишканада жылына 3 млн шифер чыгарылып, 120 жумуш оруну түзүлөт.

Ал жерден чыккан продукцияны бир гана Баткен облусунда гана эмес, Тажикстан менен Өзбекстанга да сатууга болот.

Пикир

Оставить комментарий