• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Аймактарды өнүктүрүү: Лейлекте ишкер кичи ГЭС куруп жатат

Аймак 0

Лейлек, 07.08.19. /Кабар/. Баткен облусунун Лейлек районундагы Белес тилкесиндеги "Жаңгакты" дарыясынын жээгинде жергиликтүү ишкер Асан Калбеков 70 млн. сомго кичи ГЭС куруп жатат.

Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратовдун айтуусунда, "Жаңгакты" дарыясы Белес капчыгайындагы аскалар аркылуу агат, капчыгайдын аймагында болсо өздөштүрүлбөгөн ири аянттагы жер бар. Ага байланыштуу насостук станцияны ишке киргизүү муктаждыгы бар болчу.

"Лейлек жана Тогуз-Булак айыл аймактарынын суугат суу алуу мүмкүнчүлүгү жок, бирок ал жакта түшүмдүү жерлер бар. Ал жерлерди өздөштүрүш үчүн капчыгайдан суу тарттырып келиш керек болгондуктан жергиликтүү ишкер кичи ГЭС куруп жатат", - деп билдирди ал.

Район башчысынын билдирүүсүндө, ишкер ГЭСтин курулушуна 70 млн. сом короткон.

"Биздин жергиликтүү инвестор чоң каражат сарптап жатат, курулуш иштери график боюнча жүрүүдө. План боюнча ГЭС 2020-жылга колдонууга берилет. Азыркы учурда кымбат агрегаттар сатып алынды. Андан тышкары узундугу 2 чакырым болгон канал курулуп жатат", - деп баса белгиледи ал.

Бекмуратов кошумчаландай, насостук станциянын жардамы менен 1 миң гектарга жакын жерди өздөштүрүүгө болот.

Пикир

Оставить комментарий