• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Аймактарды өнүктүрүү мамагенттигине кандай милдеттер жүктөлгөн? Директордун жообу

Коом 0

Бишкек, 12.08.21. /Кабар/. КРнын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Аймактарды өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин негизги милдети КР президентинин, министрлер кабинетинин аймактарды жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу тутумун туруктуу өнүктүрүү боюнча саясатын жүзөгө ашыруу болуп саналат. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине Аймактарды өнүктүрүү мамагенттиктин директору Элчибек Жантаев билдирди.

Анын айтымында, бул тапшырманы аткаруу үчүн агенттикке төмөнкү функциялар жүктөлгөн:

- аймактык жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга катышуу жана аны ишке ашырууну уюштуруу;

- аймактардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;

- жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жана жергиликтүү коомчулуктун мүмкүнчүлүгүн көтөрүү;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине мониторинг жүргүзүү, көйгөйлөрдү аныктоо, методикалык жана маалыматтык колдоо көрсөтүү;

- аймактарды өнүктүрүү боюнча программаларды жана долбоорлорду ишке ашырууга колдоо көрсөтүү.

Өз кезегинде жетектөөчү адси Медина Сакиева электрондук тиричилик китебин камтыган «Санарип аймак» автоматташтырылган маалымат тутуму (АМТ) толугу менен тестирлөөдөн өткөнүн жана Мамлекеттик агенттик 8 мамлекеттик орган менен бардык 484 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалымат базасын туташтыруу, чогултуу жана жаңыртуу боюнча келишим түзгөнүн айтты. Анын негизинде муниципалдык кызматтардын Негизги реестринен кызматтар үзгүлтүксүз көрсөтүлөт.

“Азыркы учурда негизги реестрге киргизилген муниципалдык кызматтардын типтүү административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана аларды электрондук форматка которуу милдети турат. Мамлекеттик порталга электрондук кызматтарды жайгаштыруу Чүй облусунун Аламүдүн районунун Лебединовка айыл өкмөтүнүн базасында тестирлөөдөн кийин жүргүзүлөт”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий