• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Аймактарды өнүктүрүү: Манас районунда чыккан кыштар облусту кыш менен камсыздап келет

Аймак 0


Талас, 23.07.19. /Кабар/. Талас облусунун Манас районундагы Жайылган айылында жергиликтүү жеке ишкер Белекбек Абдыкаимов 10 жылдан бери кыш чыгарып келет.

Ишкердин айтымында, чыгарылган кыш облустун ичин кыш менен камсыздап, ошондой эле мамлекеттик буйрутмаларды аткарат.

"Бул заводду 2007-жылы ачканбыз. Андан бери ички рынокту жакшы өздөштүрүп алдык. Күнүнө 20-25 миң кыш чыгарабыз. Чыккан кыштар дароо буйрутма боюнча кетет. Ошондой эле бизге мамлекеттик буйрутмалар түшүп турат", - деди ал.

Ал белгилегендей, коңшу Казакстандан да суроо-талап болуп турат.

"Заводдо 60-70 киши иштейт. Алар күнүнө 500-700 сом маяна алышат. Экспорт боюнча айтсак, Казакстандан биздин кыштарга суроо-талап бар. Бирок, Казакстандын рыногун камсыздай тургандай кубаттуулук жок. Алдыда өндүрүш кубаттуулугун арттырып, экспортко багыт алуу ниетибиз бар. Учурда кошумча мештерди куруп жатабыз", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий