• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Аймактарды өнүктүрүүнүн алкагында “Кыргызжылуулукэнерго” бир катар долбоорлорду ишке ашырууда

Коом 0

Бишкек, 27.09.18. /Кабар/. “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасы 2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялоонун алкагында кичи жана орто шаарларды жылуулук менен камсыздоону өнүктүрүү боюнча бир катар долбоорлорду ишке ашырууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын пландык-экономикалык кызматынын башчысы Эрнест Бикиев билдирди.

Анын айтымында, 2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялоонун алкагында аларда бир катар долбоорлорду ишке ашырууну каржылоо үчүн мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Бикиевдин айтымында, “Кыргызжылуулукэнерго” бар болгон схема боюнча 27 шаарга кызмат көрсөтөт.

“Бүгүнкү күнгө карата эң кызыктуу долбоорлордун бири от казандардын кымбат күйүүчү майларынын түрүнөн баш тартуу болуп саналат. Ташкөмүр шаарында биз от казандарды электр энергиясынан көмүргө өткөрүп жатабыз. Бул жергиликтүү тургундарга өзүнүн көмүрүн ишке ашырууга жана 10 миллион сомду үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк түзөт. Ошондой эле Токмоктогу от казандарды газдан мазутка өткөрүштү. Мазутка болгон баа жеткирүү менен 13 сом, газга 17 сомду түзөт. 22 миллион сомго жакын акча үнөмдөлдү. Андан сырткары Кантта 2, 3-кичирайондорду жылуулук менен камсыздай турган от казан курулууда”, - деп кошумчалады ал.

Эрнест Бикиев жалпысынан Кыргызстанда 131 от казан бар экенин, анын 27си мазут менен иштээрин, 53ү көмүр менен, 32си электр энергиясы менен, 19у газ менен иштй тургандыгын айтты.

Түтүктөрдүн жалпы узундугу 343,4 чакырымды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий