• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Аймактарды өнүктүрүүнүн көрсөткүчтөрү талкууланды

Өкмөт 0

Бишкек, 24.02.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө 22-февралда Жогорку Кеңештин депутаттарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда региондорду өнүктүрүү көрсөткүчтөрүнүн параметрлерин талкуулоо болду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмү билдирет.

Жумушчу топтун талкуусунда белгиленгендей, региондордун өнүгүү деңгээли мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары тарабынан камсыздала турган стандарттар аркылуу аныкталат. Атап айтканда, азыркы учурда ичүүчү таза суу менен камсыздоо боюнча стандарттар тегиз камсыздалбаган, натыйжада, ал жылына 600 млн сом көлөмүндөгү үзгүлтүксүз каржылоону талап кылат.

Ошол себептен, региондорду өнүктүрүү бул – Курулуш ченемдери жана эрежелеринде, Санитардык эрежелер жана ченемдеринде, мамлекеттик стандарттарда көрсөтүлгөн жашоонун стандарттык деңгээлин жогорулатуу жана камсыздоо зарыл жана алар толук көлөмдө каржыланышы керек. Жалпысынан бийлик бутактарынын өкүлдөрү өнүгүүгө багытталган тапшырмаларды жеринде өз алдынча жана ыкчам чечүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийликтерине каржылык мүмкүнчүлүктөрдү көбүрөөк калтыруу пикири менен макул болушту.

Мындай ыкманын бири катары биринчи этапта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагындагы киреше салыгынын үлүшүн 70% жогорулатуу сунушу берилди. Жалпы пикир боюнча, бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жашоочуларды өз аймагында кармап турууга кызыкчылыгын пайда кылат, анткени, учурда региондордун көпчүлүк тургундары өзүнүн ишмердүүлүгүн борбор калаада жана ири дүң базарлары жайгашкан жерлерде жүргүзүп келүүдө.

Маалымат иретинде: Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун «2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгына ылайык жумушчу топ түзүлгөн. Ошондой эле Премьер-министр Сапар Исаков 2018-жылдын 14-февралында Жарлыкты ишке ашыруу үчүн Өкмөттүн уюштуруу комитетин түзүү боюнча буйрукка кол койгон.

Пикир

Оставить комментарий