• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Аймактарды өнүктүрүү программасы кайсы маселелерди чечет?

Президент 0

Бишкек, 27.02.19. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков "Аймактык өнүгүү боюнча улуттук диалог" конференциясын ачып берди.

Бишкекте 27-28-февраль күндөрү өтө турган бул иш-чарага бийликтин үч бутагы, донорлук жана жарандык уюмдар катышууда.

Конференциянын башында сөз сүйлөгөн президент мындай жолугушуулар көп убактан бери өткөрүлбөгөнүн белгиледи.

"Мындай форматтагы жолугушуулар көп жылдан бери өткөрүлгөн жок. Анын негизги максаты аймактарды өнүктүрүүгө тоскоолдук жараткан маселелерди талкуулоо жана аны чечүүнүн жолдорун издөө болуп саналат. 2018-жылы аймактарды өнүктүрүүгө баардык күч аракет жумшалды. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин өлкөнүн экономикалык саясаты мындай иш-чараларга эсептелбей, ал ички миграциянын күчөшүнө алып келди", - деди ал.

Мамлекет башчы белгилегендей, буга байланыштуу аймактарды өнүктүрүүнү колдоо маселеси мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн сактоо менен бир турат. Ал үчүн айыл жергесинде турган жарандардын жашоо турмушун жакшыртууга, жаңы жумушчу орундарды түзүүгө баардык аракетти жумшоо керек.

Мындан тышкары, президент, 2018-жылды "Аймактарды өнүктүрүү жылы" деп атоо боюнча жарлык чыккандан кийин кандай иштер аткарылганын айтып берди.

Пикир

Оставить комментарий