• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Аймактарды өнүктүрүү: Талас сыры ички жана тышкы рынокту багындырууда

Аймак 0

Талас, 22.07.19. /Кабар/. Таласта жеке ишкер Бакыт Тууганбаев сыр заводун ачып, 70 кишиге жумуш орунун түзгөн.

Анын айтымында, завод жаңы жабдыктар менен жабдылып, ЕАЭБдин бирдиктүү регламентине туура келет. Ал жерде чыккан продукциянын бир бөлүгү экспортко чыгарылат.

"Завод күнүнө 30 тоннадан ашык сүт алып, иштетет. Бирок, ишкананын өндүрүш кубаттуулугу 50 тоннага чейин иштете алат. Мыкты сапатка жетиш үчүн баардык талаптар, рецепт, туздоо процессин аткаруу керек. Чыгарып жаткан өнүмдүн сапаты –биздин негизги мүдөөбүз. Антпесе атыбызга доо кетет", - деди ал.

Ишкер ЕАЭБдеги шарттар баарына бирдей болгону менен Казакстан тараптын жасалма түрдө бут тосууларынан улам продукцияны экспорттоо процедурасы кыйла кыйындаганын айтат.

"Биздин завод алгачкылардан болуп Бажы биримдигинин техникалык регламентин өткөн. Анын аркасы менен биздин продукцияны ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттоого жол ачылууда. Негизги сатып алуучуларыбыз - Россия менен Казакстан. Бирок, бир биримдикте болуп, эреже баарына бирдей болгону менен Казакстанга экспорт кылууда айрым кыйынчылыктар бар экенин белгилеп кетүү керек. Алсак, биздин продукцияны "кара тизмеге" киргизип, Казакстандын базарларына киргизбей койгон. Биздин маалымат боюнча, аны Казакстандын ичиндеги биздин атаандаштар кылууда. Алар дайыма өз өкмөтүнө арызданып, биз алардын рыногунда орун-очок алганыбызды жана алар өз продукциясын сата албаганын жана биз күчтүү атаандаштык кылып жатканыбызды айтышкан", - деди ал.

Сөзүнүн аягында ишкер, президенттин аймактарды өнүктүрүү демилгесин колдой турганын жана бул маселеде чакан жана орто ишкерчиликтин орду чоң экенин белгиледи. Анын пикири боюнча, ишкерлерге шарт түзүп берүү зарыл.

"Белгилүү болгондой, бизнес баштоо жана жүргүзүү үчүн дайыма акча керек. Анын үстүнө бир топ каражат зарыл. Мындан улам көптөр насыя алууга мажбур болушат. Мен да көп жылдан бери насыя төлөп келем. Биздин ишкерлер үчүн эң аз пайыздуу насыя зарыл. Чынын айтканда, 6-8 пайыз насыялар да көп. Андан тышкары өкмөттү аймактар үчүн салык саясатын кайра карап чыгууга чакыргым келет. Маселен, инфраструктура, квалификациялуу кадрлар жок алыскы облустарда салык шарттары ылайыктуу болушу кажет", - деди ал.

Сүрөттөр Роман Гайнановдуку

Пикир

Оставить комментарий