• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Аймактарды өнүктүрүү: Таласта багбанчылык өнүгүүдө

Аймак 0

Талас, 23.07.19. /Кабар/. Талас облусунун Кара-Буура районунун Кара-Сай айылында жеке ишкер Кенжебек Дубашев 11 гектар жерге алма бак тиккен.

Анын айтымында, ал Кыргыз-Россиялык фонддон 3 млн сом насыя алып, кичи бойлуу алма көчөттөрүн сатып алган.

"Бул жерлер менин үй-бүлөмө таандык. Буга чейин бул жерде беде менен буудай өстүрүп келгенбиз. Кийинчерээк туугандар менен тамчылатып сугарууну колдонуу менен багбанчылык кылууну чечтик", - деди ал.

Ал белгилегендей, алма бак 15 кишини туруктуу иш менен камсыздап жатат. Сезон маалында жумушчулардын саны артат.

Ал эми алынган түшүм КМШ өлкөлөрүнө сатылат.

Пикир

Оставить комментарий