• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Аймактарды өнүктүрүү: Токмокто заманбап төрөткана курулууда

Аймак 0

Токмок, 20.08.19. /Кабар/. Токмок шаарында жаңы заманбап төрөткана курулууда. Ага кувейттик "А-сафа" фонду демөөрчүлүк кылууда.

Шаар мэри Данияр Амангелдиевдин айтымында, буга чейин шаарда төрөткана болгон эмес. Анын ордуна медициналык жатакана колдонулуп келген.

"Долбоордун башталышында, биз дарыгерлер менен кеңешме өткөрүп, дарыгерлер төрөткана куруу керектиги айтышты. "А-сафа" фонду гранттык негизде 57 млн сом бөлдү. Мэрия шаардык оорукананын аймагынан 1 гектар жерди бөлүп берди. Курулуш иштери болжол менен бир жума мурда башталган. Ал 2020-жылы аяктайт", - деди ал.

Шаар мэри белгилегендей, бөлүнгөн каражатка баардык керектүү жабдыктар сатып алынат.

Пикир

Оставить комментарий