• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Аймактарды өнүктүрүү: Ысык-Көл облусу - санариптештирүүдөн тарта өндүрүштүк кубаттуулукту көтөрүүгө чейин

Аналитика 0

Белгилүү болгондой, президент Сооронбай Жээнбеков өлкө калкынын социалдык байгерчилиги жана экономиканы өнүктүрүүдөгү негизги багыттарынын бири катары аймактарды өнүктүрүү деп белгилеген. Мындан улам былтыркы жана быйылкы жылдар аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыяланган. Аймактар борбор калаа жана Чүй облусунан артта калып жаткандыктан президент чиновниктерди алыскы жерлерге жана айылдарга көңүл бурууга чакырган. Маселен, ал жакка көбүрөөк бюджеттик каражаттарды бөлүү жана гранттарды тартуу. Андан сырткары, өлкөдөгү банктарды аймактарды өнүктүрүүгө кошулуп, аймактын тургундарына ар кыл долбоорлор боюнча болушунча жеңилдетилген түрдө насыя берүүгө үндөгөн.

Жээнбеков өз сөздөрүндө, аймактар менен Кыргызстандын ири шаарларынын тең салмактанган экономикалык өсүшү бир катар стратегиялык маселелерди чече турганын айткан. Анын пикири боюнча, мындай жол менен социалдык теңсиздик, ички жана айрыкча тышкы миграция – жаш кадрлардын кетиши, жумушсуздук өңдүү терс процесстерди ооздуктоого болот.

Президенттин жарлыгын орундоо үчүн аймактарды өнүктүрүү боюнча деталдуу планды камтыган бир катар документтер иштелип чыккан. Андан тышкары, өкмөт тарабынан облус, район жана айыл аймак башчыларына тийиштүү буйруктар берилген.

Жүргүзүлүп жаткан иштерди чагылдыруу жана маалымат берүү максатында президенттин аппаратынын басма сөз кызматы жети дубан боюнча пресс-тур уюштуруп, ал Ысык-Көл облусунан башталды. Анын алкагында уюштуруучулар ар бир район жана облустун алыскы айылдарын жакындан көрсөттү.

Ысык-Көл облустук администрациянын басма сөз катчысы Жаныбек Кожоев облус боюнча 61 айыл өкмөтү бар экенин жана алардын ичинен 21 айыл өкмөтү дотациядан чыкканын айтып өттү.

Жалпысынан акыркы жылдары облус байкала тургандай секирик жасай алган: кайра иштетүүчү ишканалар ачылууда, айыл чарба продукцияларынын экспорту арткан, инфраструктураны өнүктүрүү боюнча жаңы долбоорлор иштелип чыгууда, жол, көпүрөлөрдүн курулушу жүрүүдө, сугат системасын куруу, ичүүчү сууну тартуу ж.б. Андан тышкары, саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият жана спорт тармагындагы социалдык долбоорлор ишке ашырылууда.

Каракол шаарындагы заманбап оорукана

Каракол шаарында жайгашкан облустук ооруканада да бир катар өзгөрүүлөр бар. Аймактарды санариптештирүүнүн алкагында оорукананын директору Токтобай Маанаев оорукананын ишине санарип технологияларын киргизүү боюнча бир катар жумуштарды аткарган. Ошентип, ооруканада электрондук кезек, бейтаптарды эсепке алуунун электрондук системасы, оорулардын электрондук таржымалы, бейтаптардын бирдиктүү маалымат базасы ж.б. пайда болгон. Аны менен катар ооруканадагы жетишкендиктердин бири заманбап лабораториянын ачылышы болгон.

Ичүүчү суу, сугат жана стратегиялык маанилүү каналдардын курулушу

Суу камсыздоону өнүктүрүү боюнча департаментинин Ысык-Көл облусу боюнча координатору Рахмадин Батыркановдун айтымында, бүгүнкү күнү облус 50%га ичүүчү суу менен камсыздалган. 2023-жылга карата 100%га суу менен камсыздоо пландалууда.

Ал белгилегендей, 2018-жылы ичүүчү суу 6 айылга тартылган. Алардын ичинен 4 айыл республикалык бюджеттин, экөө Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун эсебинен каржыланган. Бул жылы 10 айылга ичүүчү суу тартып келүү пландалууда. Ошондой эле айыл чарбасын өнүктүрүү жана сугат иштерин жакшыртыш үчүн ирригация системаларын куруу иштери жүрүүдө.

Маселен, Тоң районундагы Михайлов айыл өкмөтүндө узундугу 2,4 чакырым, жалпы сметалык наркы 10 млн. 500 миң сом болгон канал курулган. Бул долбоорду Ысык-Көл өнүктүрүү фонду каржылаган. Көлдүн түштүк жээгинде, Тоң районунда узундугу 17 чакырым болгон сметалык баасы 8 млн. 500 миң долларды түзгөн канал кытайлык гранттын эсебинен курулууда.

Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысы Майрам Кыдыралиева билдиргендей, ал канал 2 миң 500 гектар жерди өздөштүрүүгө жардам берет. Ал 2020-жылы ишке берилет.

Билим берүү системасы жана облустун мектептериндеги жаңы технологиялар

Ысык-Көлдүн мектептерин өлкө боюнча алдыда турган мектептердин катарына кошууга болот. Аймактагы билим берүү системасынын реформасы кызуу жүрүүдө. Маанилүү стратегиялык маселелер өз убагында чечилүүдө. Билим берүү сапатынын жакшырышы жана окуучуларга болгон камкордуктун мисалдарынын бири катары балдарга ысык тамак берүү жана билим берүү процессине жаңы технологиялардын киргизилишин айтса болот. Учурда облус боюнча 191 мектеп бар болуп, анын ичинде 21 мектепте ысык тамак берилбейт. Бирок облустук администрациядан билдиришкендей, бул жылдын аягына чейин 100% мектептерде ысык тамак берилип калат.

Ошол эле учурда, "акылдуу мектеп", "коопсуз мектеп чөйрөсү", "ата-эне көзөмөлү" өңдүү жаңычылдыктар облустун бир катар мектептеринде иштөөдө. Мисалы, Ысык-Көл районунун 30 мектебинде "акылдуу мектеп", "коопсуз мектеп чөйрөсү", "ата-эне көзөмөлү" системаларынын сервери жана маалымат базасы болгон "Элжур" электрондук платформасы иштеп жатат. Ата-энелер электрондук тиркеме аркылуу окуу процессин көрүп тура алат. Облустун жетекчилиги, бул технологияларды жакын арада баардык мектептерде ишке киргизүүнү көздөөдө.

Кайра иштетүү өндүрүшү

Акыркы жылдары Ысык-Көл облусу боюнча 100дөн ашык ири жана чакан өндүрүш ишканалары ачылган. Облус бал, алма, алмурут, өрүк жана жемиштердин бай түшүмүн эске алып, кайра иштетүү багытына басым кылууда.

Андан тышкары, Ысык-Көлдүн сыры менен сүт азыктары ички жана тышкы базарларга чыга баштады. Ошондой эле облус жер-жемиштерди экспорттоп келет.

Аны менен катар Ысык-Көлдө эт жана жүндү кайра иштеткен ишкана иштейт. Тилекмат айылында JICA эл аралык кызматташуу боюнча япониялык агенттик тарабынан каржыланган "Бир айыл -бир азык" долбоору боюнча кийиз ишканасы ачылган. Анда 20га жакын киши эмгектенет. Ал жерде кийиз бут кийимден баштап телефон каптарды тигишет.

Каракол алгач ирет өз эсебинен социалдык объект куруп жатат

Облустун төрүндө орун алган Каракол шаары да өнүгүүдө. Шаар мэри Адыл Каниметовдун айтымында, шаар бюджети өсүп, дээрлик 222 млн. сомду түзөт. Анын аркасы менен жылда шаар ичинде социалдык объекттерди куруп, жол оңдоого болот.

"Мурунку жылга салыштырмалуу бюджетке 37 млн. сом көбүрөөк чогулта алдык. Ал акчага заманбап 120 орундуу бала бакча куруу чечимин кабыл алдык. Себеби, шаарда бала бакчалар жетишпейт. Өзүбүздүн бюджеттин эсебинен алгач ирет социалдык объект куруп жатканыбызды белгилеп кетүү керек. Бул саамалык келечекте да уланат",- деди ал.

Өткөн жылы шаарда 14 чакырым жол оңдолгон. Учурда шаардын кире беришинде курулуш иштери жүрүүдө.

Аймакты өнүктүрүүдө БУУ менен эл аралык уюмдардын колдоосу

БУУ менен ар кыл эл аралык уюмдар Ысык-Көл облусун өнүктүрүүдө чоң колдоо көрсөтүп келет. Мисалы, БУУнун Азык-түлүк программасы жана "Мерсико" уюмунун көмөгү менен облустагы мектептерге ысык тамак берүү долбоору ишке ашырылган. Ал учурда БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму климаттын өзгөрүү шарттарында тоо токойлору жана жер ресурстарын туруктуу башкарууда, балык уулоо жана айыл чарбаны өнүктүрүүдө кол кабыш кылып келет. Ал долбоорлордун алкагында облустун Тоң жана Ак-Суу райондорунда балыкты кайра иштетүүчү ишкана, чакан балык заводу ачылган. Айылда турган аялдарга колдоо көрсөтүү максатында чарба жүргүзүү боюнча сабак өтүлүп, "Ала-Тоо" тукумундагы бооз уйлар берилген.

Сөздүн аягында белгилей кетсек, облустун жетекчилиги чакан жана орто ишкерчиликтин өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүү үчүн бюджети 500 млн. сом болгон Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун эсебинен айыл тургундарына насыя берүүнү максат кылууда экен.

Облустук администрациянын басма сөз катчысы Кожоев 10 млн. сомго чейинки насыя үстөксүз үч жылга берилерин айтты.

"Кабар" маалымат агенттиги

Пикир

Оставить комментарий