• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Аймактарды өнүктүрүү: Өзгөндө заманбап касапкана ачылган

Аймак 0

Өзгөн, 06.08.19. /Кабар/. Ош облусунун Өзгөн районунда Зайна Базарбаева аттуу ишкер ЕАЭБ талаптарына туура келген касапкана ачкан.

Базарбаеванын айтымында, алар курулушту баштардан мурда Россиядагы касапканалар менен таанышып чыгышкан.

"Курулушту баштардан мурда Россиядагы касапканалар менен таанышып, Волгограддагы касапкананы жактырдык. Курулуш үчүн акчаны кыргыз-россиялык өнүктүрүү фондунан алдык", - дейт ал.

Ал билдиргендей, күнүнө 20-25 майда жана бодо мал союлуп, даярдалат.

"Башкы максат – ЕАЭБдин техникалык талаптарына туура келген эт азыктарын даярдоо. Ал үчүн биздин касапканада баардык жабдыктар бар. Тактап айтканда, малды кармоочу жер, оорулуу малды өзүнчө кармоочу, этти бөлүү үчүн, ичегилерди тазалоочу жай, муздаткыч, лаборатория ж.б. бар", - дейт ишкер.

Ишкердин айтымында, жакын арада алар этти чет жакка чыгара баштайт.

"Учурда этти Россияга сатуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий