• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылын өткөрүү боюнча кезектеги жыйын өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 27.05.19. /Кабар/. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасында Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Жыйындын жүрүшүндө Президенттин «2019-жылды Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар Планына жана 2018-2022-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын аймактык саясат Концепциясын, ошондой эле 20 «өсүү чекити» шаарларды өнүктүрүү боюнча министрликтер жана ведомстволордун иш-чаралар планын даярдоо иштеринин жыйынтыгы боюнча маселелер каралды.

Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары Автандил Алыбаевдин маалыматында, аймактык долбоорлорго жана ишканаларга инвестициялардын агымын өбөлгөлөө максатында преференциалдык калктуу аймактар үчүн Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы кабыл алынган.

«Жаңыдан түзүлгөн ишканаларга 5 жылдан 10 жылга чейин мүлк салыгы, жер салыгы, киреше жана сатуу салыгы боюнча салык төлөмдөрүнөн бошотуу каралган. Жергиликтүү бюджеттин кирешелүүлүгүн жогорулатуу максатында 2019-2021-жылдар мезгилинде киреше салыгынан чегерүүлөрдү жергиликтүү бюджеттин пайдасына 100% жеткирүү пландалууда. Жергиликтүү бюджет 2019-жылы кошумча 2,1 млрд сом алат», - деп белгиледи ал.

Мындан тышкары жыйында белгиленгендей, бүгүнкү күнү Президенттин «2019-жылды Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу боюнча Бирдиктүү аймактык беш жылдык иш-чаралар Планын жана 2018-2022-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын аймактык саясат Концепциясын ишке ашыруу уланууда.

20 «өсүү чекити» шаарларды өнүктүрүү боюнча министрликтердин жана ведомстволордун иш-чаралар планын даярдоо жыйынтыктары тууралуу Токмок шаарынын мэри Данияр Амангельдиев жана Талас шаарынын мэри Айдар Жузупбеков маалымат беришти.

Белгиленгендей, алар өз ишинде аймактык экономиканы өнүктүрүүгө таасир тийгизген экономикалык, инфратүзүмдүк, социалдык мүнөздөгү жана бизнес-долбоорлорго өзгөчө көңүл бурушат.

Маалыматты угуп чыккан соң Кубатбек Боронов өзгөчө басым жасагандай, өлкө Президентинин Жарлыгында 2019-жылга карата бир катар милдеттер белгиленген, алар аймактарды өнүктүрүүгө, 20 «өсүү чекити» шаарларды өнүктүрүү иш-чаралар планын ишке ашыруу каралган.

«Аймактардын жана шаарлардын экономикасына инвестицияларды тартууга багытталган туруктуу иштерди жүргүзүү зарыл. Тиешелүү органдар бекитилген шаарларды өнүктүрүү программаларын ишке ашыруу боюнча чараларды өз убагында көрүүгө тийиш. Ошону менен бирге шаарларды өнүктүрүү программалары министрликтердин жана ведомстволор тарабынан иштелип чыккан Иш-чаралар планы менен шайкеш келиши шарт. Быйыл Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аймактарды өнүктүрүүгө 2 млрд сом бөлөт», - деп белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий