• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Аймактарды өнүктүрүү жылы: Экономика министрлиги өлкө боюнча көчмө семинарларды өткөрүүдө

Экономика 0

Бишкек, 17.09.18. /Кабар/. Кыргызстандын Экономика министрлигинин алдындагы стандартташтыруу жана метрология боюнча борбору президенттин “2018-жыл - аймактарды өнүктүрүү жылы” буйругуна ылайык, өзүнүн ишмердүүлүгүнүн түрдүү багыттары боюнча аймактык бөлүмдөрүн колдоо максатында көчмө жыйындарды уюштурууда. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

13-14-сентябрда КРнын Экономика министрлигинин алдындагы стандартташтыруу жана метрология борборунун Оштогу сертификация жана метрология сыноосунун борборунун базасында түштүк региондордун (Баткен, Жалал-Абад, Ош) метролог адистери үчүн семинар өттү.

Семинар техникалык метролог адистердин деңгээлин көтөрүүгө, метрология тармагындагы негиз салуучу заманбап документтер менен таанышууга, мыйзам чыгаруунун актуалдуу көйгөйлөрүнө багытталып, аймактарда эл аралык талаптарга ылайык бирдиктер системасын калибрдөөнү киргизүү боюнча алгачкы кадам болуп саналат. Семинарга өлчөмдөрдүн түрдүү тармактарынан 14 адис катышты.

Семинардын жүрүшүндө төмөнкү маселелер талкууланды:

- Кыргыз Республикасынын “Өлчөмдөрдүн бирдиктүүлүгүн камсыздоо жөнүндө” мыйзамы.

- Өкмөттүн №664, №401 токтомдору жана башкалар, ишмердүүлүк тармагын бекитүү тартиби.

- Метрология боюнча эл аралык сөздүк.

- Шаймандарды башкаруу контекстиндеги өлчөмдөрдүн бирдиктүүлүгүн камсыздоо бөлүгүндө ишмердүүлүктүн түрлөрү.

Аталган семинар түштүк региондогу метролог өкүлдөргө жардам көрсөтүү жана өлчөмдөрдүн бирдиктүүлүгүн камсыздоо тармагында маалыматты жаңыртуу үчүн өткөрүлүүдө. Ошондой эле сертификаттар берилет.

Пикир

Оставить комментарий