• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Аймактардын катышуусундагы республикалык кеңешме аяктады: пландар жана жыйынтыктар

Өкмөт 0

Бишкек, 23.01.23. /Кабар/. Облустук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын республикалык кеңешмеси өз ишин жыйынтыктады.

Үч күндүк кеңешменин жыйынтыгын министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров чыгарды.

Белгилей кетсек, кеңешменин ишине министрлер кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик банктардын жана өнүктүрүү фонддорунун (Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду, Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду, Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду, Кыргыз Республикасындагы Туризмди өнүктүрүү фонду) жетекчилери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик банктардын, ошондой эле өнүктүрүү фонддорунун жетекчилери 2023-жылга пландарын сунуштап, анын ичинде аймактык долбоорлордун жана демилгелердин алкагында өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып беришти.

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Артём Новиков фонд тарабынан жалпы суммасы 480 млн АКШ долларынан ашык 3 миң 281 долбоор каржыланганын белгилеп, аймактык долбоорлор уюмдун артыкчылыктуу багыты экенин кошумчалады.

Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Темирбек Эркинов фонд 10 жылдык мөөнөт менен 5 млн долларга чейинки долбоорлорго каржылык колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. Учурда фонд 8 долбоорду ишке ашырууда, анын ичинде кичи ГЭСтерди куруу, ошондой эле ата мекендик балды Европа өлкөлөрүнө экспорттоо жанданууда.

Кыргыз Республикасындагы Туризмди өнүктүрүү фондунун башчысы Елена Калашникова ошондой эле 2023-жылга пландары тууралуу айтып, мекендештерибиз жакшы шарттары каралган эс алууну көбүрөөк тандап жатканын белгиледи.

Ал кошумчалагандай, фонд коомдук пикирге сурамжылоо жүргүзүп, анын жыйынтыгы ички туризмди өнүктүрүү боюнча алдыдагы долбоорлордун негизин түзгөн.

Ал ошондой эле жакынкы жылдарда ишке ашырыла турган ири долбоорлорго: Чүй облусунда жыл бою эс алуучу аймакты, Ысык-Көл облусунда түштүк жээгинде улуттук спорт комплексин жана бардык туристтик жайларга кеткен жол боюнда эс алуу жайларын куруу маселесине ( эс алуу зоналары) токтолду.

Мындан тышкары, «Алга калам» жана «Кыргызстандын жаңы айыл кыймылы» коомдук бирикмелеринин бет ачарлары угулуп, алар аркылуу айылдарды, аймактарды өнүктүрүү боюнча элдин демилгелери, идеялары ишке ашырылууда.

Акылбек Жапаров мындай долбоорлорду колдоого даяр экенин айтып, алардын зарылдыгын, анткени алар биринчи кезекте жергиликтүү тургундардын сунуштарына негизделгенин белгиледи.

«Бул жашоону камсыздоонун артыкчылыктуу маселелерин чечүүгө калктын катышуусунун ийгиликтүү мисалы. Биз бардык багыттар боюнча жардам берүүгө даярбыз, тиешелүү мамлекеттик органдар менен билим-тажрыйбаңыздар менен бөлүшүүнү суранам», - деди Министрлер Кабинетинин башчысы.

Отурумдун жыйынтыгында Министрлер Кабинетинин башчысы төмөнкүдөй тапшырмаларды берди:

⁃ бардык өнүктүрүү фонддору квартал сайын аймактарды кыдыруусу;

⁃ Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду өз ишмердүүлүгүнүн багытын Ош областына которуусу;

⁃ Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттиги өлкөнүн инвестициялык картасын даярдасын;

⁃ улуттук долбоорлорду жана элдик демилгелерди өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын долбоору;

⁃ өнүктүрүүнүн башкы планын даярдоодон баштап, жолдорду жана социалдык объектилерди курууга чейинки комплекстүү өнүктүрүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу үчүн үч районду тандап алуу;

⁃ айылдардын жана облустардын чегинде жер ресурстарын инвентаризациялоо.

«Мамлекет башчысы белгилеген министрлер кабинетинин ишинин негизги урааны – кыргыз жеринде Кыргыз Республикасынын жарандарын таарынтпоо. Сиздер өлкөнүн ар бир жараны үчүн жоопкерсиздер, мыйзамсыздыкты көрүп турсаңыздар, четте турбаңыздар. Тигил, же бул аймактын тургундарына тийиштүү маселеде, бул менин жоопкерчилигим эмес деген түшүнүктөн алыс болуңуздар. Биз сиздерге бардык зарыл ыйгарым укуктарды берүүгө даярбыз. Ар бир чарчап калган ымыркай, ар бир аз камсыз болгон үй-бүлө сиздердин жоопкерчилик чөйрөңүз. Жарандарыбыздын көйгөйлөрүнө кайдыгер карабай, абийирди бийик коюп иштеңиздер», - деп чакырды Акылбек Жапаров жыйындын соңунда.

Пикир

Оставить комментарий