• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Аймактарга борборлоштурулган суюк кычкылтек жеткирүү системасын орнотуу боюнча тапшырма берилди - премьер-министр

Өкмөт 0

Бишкек, 07.07.20. /Кабар/. Аймактарга борборлоштурулган суюк кычкылтек жеткирүү системасын орнотуу боюнча тапшырма берилди. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөт үйүндөгү брифингде билдирди.

Анын айтымында, эртеңден баштап 112 бейтапка эсептелген борборлоштурулган суюк кычкылтек жеткирүү системасы “Ганси” базасындагы стационарга орнотулат.

“Чет жактан сатып алынган кычкылтек концентраторун күтпөстөн, анын ордуна борборлоштурулган суюк кычкылтек жеткирүү системасы орнотуу боюнча аймактарга да тапшырма бердик. Бүгүнкү күндө колдон келген бардык мүмкүнчүлүктөдү колдонуп, Бишкек жана Чүйдө түзүлгөн абалдан чыгуу боюнча өкмөт иш алып барууда”, - дейт Боронов.

Пикир

Оставить комментарий