• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Аймактык юстиция органдары саламаттык сактоо органдарына жана COVID-19га чалдыккандарга жардам көрсөтүштү

Коом 0

Бишкек, 30.08.20. /Кабар/. Ысык-Көл, Нарын, Баткен, Ош, Талас облустук юстиция органдарынын кызматкерлери, мамлекеттик жана жеке нотариустары коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө медициналык мекемелерге жардам берүүнү улантатууда. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Алсак, Ысык-Көл облусунун юстиция башкармалыгынын кызматкерлери, мамлекеттик жана айрым жеке нотариустары COVID-19 коронавирус инфекциясы жана башка оорулар менен ооругандарга жардам көрсөтүү максатында Ысык-Көл облустук аймактык ооруканасы үчүн 18 000 сомго термопот-самоорду жана сенсордук плитканы алышты.

Сатып алынган жабдуулар Ысык-Көл облустук ооруканасынын башкы дарыгери Бекбасаров Дамир Бердибаевичке берилди.

Мамбетов атындагы Талас облустук бириккен ооруканасынын Кардиологиялык бөлүмүнүн палаталарына оңдоо жүргүзүү зарылдыгына байланыштуу, Талас облустук юстиция башкармалыгынын кызматкерлеринин демилгеси менен 11000 сом акча каражаты бөлүнүп, оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн мекеменин администрациясына берилди.

Баткен облустук юстиция башкармалыгынын кызматкерлери жалпы жамааттын атынан пандемия менен күрөшүүдө чоң салымын кошкон медициналык кызматкерлерге терең ыраазычылыгын билдиришип, Баткен облустук Үй-бүлөлүк медицина борборунун администрациясына жалпы суммасы 24000 миң сомго үч даана “Авангард” үлгүсүндөгү муздаткычтарды тапшырышты.

Нарын облустук юстиция башкармалыгынын мамлекеттик кызматчылары COVID-19 пандемиясынан жабыр тарткан бейтаптарга жана өз өмүрүн тобокелге салышкан медициналык кызматкерлерге ар түрдүү жардам көрсөтүү максатында Нарын облустук ооруканасынын администрациясына жалпы суммасы 10000 миң сомго 2 микроволновканы жана электрогенераторду тапшырышты.

Ош юстиция башкармалыгынын кызматкерлери “Кызыл зонада” коронавирус менен күрөшкөн Ош шаардык ооруканасынын медициналык кызматкерлеринин ордунда иштөөсү үчүн көмөк көрсөтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий