• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Аймактык мектептерге музыкалык аспаптар тапшырылды

Маданият 0

Бишкек, 30.11.20. /Кабар/. П.Шубин атындагы Борбордук балдардын музыкалык мектебинде өлкөнүн аймактык музыкалык мектептерине музыкалык аспаптарды тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Тапшыруу аземи маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков жана Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь айымдын катышуусу менен өттү. Аспаптар акысыз техникалык грант трндө келишимдин негизинде берилип, мектептин жетекчилерине тапшырылды.

Министр Нуржигит Кадырбеков өз кезегинде элчи Ду Дэвэнь айымга ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен Кытай мамлекеттеринин ортосундагы маданий- гуманитардык байланыш эки өлкөнү мындан да жакындатаарын айтып, келечекте кызматташуунун жогорку деңгээлинде иш алып барып жаткандыгын кошумчалады.

Ал эми Ду Дэвэнь өз сөзүндө кытай тарап мындан ары маданий кызматташтык уланаарын айтып, дүйнө жүзүндө пандемия токтогон соң бир катар биргелешкен иш-чараларды өткөрөрүн билдирди.

Эске салсак, аймактарга бөлүнгөн аспаптардын суммасы 2 млн 407 миң сомду түздү. Алар пианин, аккардеон, кларнет, флейта, труба, прима кыяк, виолончель, скрипка, саксафон жана гитаралардан турат.

Пикир

Оставить комментарий