• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Аймактык прокуратура органдарында ишеним телефондору ишке киргизилди

Коом 0

Бишкек, 05.03.21. /Кабар/. Аймактык прокуратура органдарында ишеним телефондору ишке киргизилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда чакан бизнестин жана жеке ишкердик субъекттеринин ишине укук коргоо, фискалдык жана контролдоочу органдардын негизсиз кийлигишүүсү, менчик ээлеринин укуктарынын бузулушу, ошондой эле ишкердик иш-аракеттерге негизсиз тоскоолдук жаратуу фактылары боюнча жер-жерлердеги прокуратураларда күнү-түнү кабыл алуучу ишеним телефондору иштей баштады.

Эске салсак, КР президенти Садыр Жапаровдун «Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында үстүбүздөгү жылдын февраль айында КР Башкы прокуратурасынын ишкерлердин укуктарынын сакталышын көзөмөлдөө жана инвесторлорду коргоо бөлүмүндө күнү-түнү кабыл алуучу ишеним телефону ишке киргизилген жана мекеменин расмий сайтына жайгаштырылган ((0312) 88-90-33, 0500 19-20-54).

Баткен облусунун прокуратурасы: 0777 41-77-45, 0999 04-77-77;

Жалал-Абад облусунун прокуратурасы: 03722 5-54-00, 03722 5-30-29;

Нарын облусунун прокуратурасы: 03522 5-15-64, 0706 01-92-53.

Ош облусунун прокуратурасы: 03222 4-84-04, 0995 01-10-10;

Талас облусунун прокуратурасы: 03422 5-31-83, 0555 088408;

Чүй облусунун прокуратурасы: 0312 60-31-10;

Ысык-Көл облусунун прокуратурасы: 03922 5-12-93;

Бишкек шаарынын прокуратурасы: 0312 32-34-15, 0552-20-20-02;

Ош шаарынын прокуратурасы: 03222 7-05-18, 0771 45-05-96;

Кыргыз Транспорттук прокуратурасы: 0312 56-78-99 (кош.2209), 0553 21-07-62;

Пикир

Оставить комментарий