• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Аймактык салык органынын башкы инспектору ишеничтен кеткендигине байланыштуу кызматтан бошотулду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 17.08.20. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо башкармалыгынын башкы инспектору А.М. ишеничтен кеткендигине байланыштуу кызматынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев кол койду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Кызматкерди кызматтан бошотууга "Кыргыз Темир жолу" мамлекеттик ишканасы менен байланышкан бир катар кылмыш иштери боюнча жүргүзүлүп жаткан териштирүүлөрдүн алкагында УКМК тарабынан кармалышы негиз болду.

Пикир

Оставить комментарий