• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Айнаш Токбаева: Кыргызстанда сотторго болгон ишеним өстү

Коом 0

Бишкек, 03.07.18. /Кабар/. Кыргызстанда сотторго болгон ишеним өстү. Мындай пикирин Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева журналисттер менен болгон жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, статистикага ылайык, кыргызстандыктардын сотторго болгон ишеними кыйла өскөн.

“Биринчи инстанциянын сотторунун соттук актыларынын 89 пайызына даттануу болгон жок. Бул сотторго ишенимдин жогорулаганынын далили”, - деди Токбаева.

Судья билдиргендей, 2017-жылы биринчи инстанциянын сотторуна 201 миң 885 иш жана соттук материалдар келип түшкөн.

“2016-жылга салыштырмалуу сотко кайрылгандардын саны 12 пайызга өстү. Алардын ичинен биринчи инстанциядагы соттор тарабынан 175 миң 155 соттук иш каралды. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 9 пайызга өскөнүн билдирет”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий