• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

“Айни” көмөкчордонунан чыккан өрттөн калаа тургундарынын бир бөлүгү жарыксыз калды

Коом 0

Бишкек, 06.10.17./Кабар/. “Айни” көмөкчордонунан чыккан кыска өрттөн улам Жал кичи районунун жана бир нече проспектинин тургундары жарыксыз калышкан.

“Түндүкэлектр” ишканасынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бүгүн, калаадагы Жал кичи району, Чыңгыз Айматов проспектинин бөлүгү, Гагарин, Садырбаев, Ахунбаев көчөлөрү жарыксыз калышкан.

“Айни” көмөкчордонунда учурда ремонт иштери жүргүзүлүүдө.

Эске сала кетсек, кечээ кечки саат 17:31 чамасында “Айни” көмөкчордонунан чыккан чукул тутушуудан улам өрт чыккан.

Пикир

Оставить комментарий