• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Айни” көмөкчордонунда калыбына келтирүү-оңдоо иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 06.10.17 /Кабар/. “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ААКнын жогорку вольттогу “Айни” көмөкчордонунун жабдууларынын жабыркаланышына байланыштуу жума күнү, 6-октябрда, борбордогу Джал кичирайону, Чынгыз Айтматов чоң көчөсү, Гагарин, Садырбаев, Ахунбаев көчөлөрү менен чектелген чарчы электр энергиясыз калууда. Жогорку вольттогу “Айни” көмөкчордонунда калыбына келтирүү-оңдоо иштери уланууда. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, бейшемби күнү саат 17:31 “Айни” көмөкчордонунун жабдууларынын кыска туташуусунун натыйжасында күйүп баштаган.

Пикир

Оставить комментарий