• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Айнура Султанбаева маданият министринин орун басары болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 13.12.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду, ага ылайык, Султанбаева Айнура Жолдошбековна Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин эмгек жамаатына жетекчинин жаңы орун басарын тааныштырды.

Чолпон Султанбекова аталган чечим министрликтин кадрдык потенциалын күчтөндүрүү максатында кабыл алынды деп белгилеп кетти.

«Айнура Жолдошбековна бул жааттагы мыкты адис. Өлкөнүн Өкмөт Аппаратында иштеп жатып, ал көп жылдар бою маданият маселелери боюнча иштеп, анын көйгөйлөрүн жакындан билет», – деди Чолпон Султанбекова.

Чолпон Султанбекова министрдин жаңы орун басарынын дайындалышы менен Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлигинни ишинин натыйжасы жогорулаарына ишеним артып жатканын билдирип, Айнура Султанбаевага ийгиликтерди каалап кетти.

Пикир

Оставить комментарий