• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Айнуру Алтыбаева: “Уруксатсыз митинг өткөрүү башка жарандардын укуктарын бузат”

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 1-март /Кабар/. Уруксатсыз митингдерди өткөрүү башка жарандардын укугун бузат. Бул тууралуу парламенттин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Айнуру Алтыбаева билдирди.

Ал белгилегендей, жарандарга маалымат берип туруу керек. “Айрым адамдар мыйзамды билбегендиктен жолдорду тосуп, митингди белгиленбеген жерлерге өткөрүп жатышат. Митинг жана чогулуштарды өткөрүү үчүн атайын жерлер бар жана тиешелүү органдардын уруксат алуу керек. Жолдорду тосуу мыйзамды гана эмес, башка жарандардын укуктарын дагы бузат. Жөн адамдар эмес, тез жардам кызматы дагы чакырылган жерге бара албай калган учурлар болот”,-деди ал.

Депутаттын айтымында, кийин элдер уккан эмеспиз, билген эмеспиз деп айтпоосу үчүн иш-чара боюнча ЖМКлар аркылуу элге милдеттүү түрдө маалымдоо зарыл.

Эскерте кетсек, “Ата Мекен” фракиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин камалуусу боюнча шаарда депутаттын тарапташтары аны бошотуу өтүнүчү менен митингдерди өткөрүшкөн. Бул жыйындардын бары мыйзамды бузуу менен өткөрүлгөн, анткени алар тиешелүү органдардын уруксат алышкан эмес. Андан тышкары, аймактарда жолду тосуу аракеттери дагы болгон.

Пикир

Оставить комментарий