• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Айпери Медет кызы Азия чемпионатын жеңиш менен баштады

Спорт 0

Бишкек, 21.04.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы Монголиядагы кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионатында алгачкы атаандашын жеңди. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.

Айпери Медет кызы 76 кг салмакта япониялык Юка Кагамини 7:3 эсебинде утту. Медет кызынын кийинки атаандашы индиялык спортчу Судеш Кумари болмокчу.

Азия чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбандар жалпы алты медаль багындырышты:

Алтын медаль:
Жоламан Шаршенбеков - 60 кг;
Тынар Шаршенбеков - 63 кг;
Акжол Махмудов - 77 кг.
Коло медаль:
Адилхан Нурланбеков - 72 кг;
Үзүр Жузупбеков - 97 кг;
Роман Ким - 130 кг.

Чемпионат 19-24-апрель аралыгында Улан-Батор шаарында өтүүдө.

Эскерте кетсек, Монголиядагы Азия чемпионатына Кыргызстандын атынан жалпы 21 балбан аттанган.

Пикир

Оставить комментарий