• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Айпери Медет кызы Азия чемпионатында алтын медалга татыды

Спорт 0


Бишкек, 24.06.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Айпери Медет кызы Бишкектеги 23 жашка чейинки кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Азия чемпионатында төрт атаандашын жеңип, алтын медалга татыды.

Айпери Медет кызы 76 кг салмакта башында монголиялык Сарнай Баярбаатар менен килем үстүнө чыкты. Кыргыз кызы биринчи бөлүктө монголиялык спортчунун белине өтүп, алгачкы упайды топтоду. Экинчи бөлүктө балбандар ири упай ала алган жок, эсеп 3:1 болуп, Айпери жеңишти камсыздады.

Экинчи атаандашы индиялык Бипаша аттуу спортчу болду. Айпери аны 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утуп алды. Үчүнчү кармашта өзбекстандык Озода Зарипбоева каршы чыгып, үч-төрт оодарып жеңишти илип кетти. Медет кызынын акыркы атаандашы казакстандык Инкара Жанатаева болду. Бул ирет дагы Айпери 12:0 ири эсепте алдыга озуп чыкты.

Мындан улам Айпери Медет кызы өзүнүн салмагындагы бардык атаандаштарын артта калтырып, алтын медалга ээ болду.

Кыз-келиндер арасындагы мелдештин баары айланма түрүндө болот, башкача айтканда, спортчу ар бир атаандашы менен күрөшүп чыгат. Жыйынтыгында ким атаандаштарын жеңип, көп упай топтогон болсо жеңиш ага ыйгарылат.

Эскерте кетсек, Бишкектин Bishkek Arena муз аянтчасында күрөштүн үч түрүнөн 17 жана 23 жашка чейинки балбандар арасында Азия чемпионаты өтүүдө. Ал эми 22-июнда U-17 Азия чемпионатынын бардык таймаштары жыйынтыкталып, кыргыз балбандары жалпы 13 медаль жеңди.

U-23 Азия чемпионаты кечээ, 23-июнда башталып, 26-июнга чейин уланат.

U-17 жана U-23 Азия чемпионатына Кыргызстандын атынан жалпы 60 спортчу аттанган.

Пикир

Оставить комментарий