• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Айпери Медет кызы дүйнө чемпионатында алгачкы атаандашына утулуп калды

Спорт 0

Бишкек, 13.09.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы Сербиядагы кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында алгачкы атаандашына утулуп калды.

Айпери Медет кызы 76 кг салмакта мелдештин 1/8 финалында кытайлык Жуан Ванг менен килем үстүнө чыкты. Медет кызынын бутка өтүү ыкмасын Ванг ишке ашыртпай, 7:1 эсебинде жеңип алды. Эгер Жуан Ванг финалга чыкса, анда Айпери Медет кызы көңүл жубатуучу кармашка чыгат.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын куржунунда учурда эки медаль бар: грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов (77 кг) алтын жана Амантур Исмаилов (67 кг) коло уткан.

Күрөш боюнча дүйнө чемпионатына Кыргызстандын атынан 15 спортчу аттанган.

Пикир

Оставить комментарий