• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Айпери Медет кызы Дүйнө чемпионатында коло медаль үчүн күрөшөт

Спорт 0

Бишкек, 05.10.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында коло медаль үчүн күрөшөт. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун сайтында айтылат.

Кыргызстандык спортчу 76 кг салмакта болгариялык Мария Орешкова менен мелдештин 1/8 финалында күрөштү. Айпери Медет кызы атаандашына мүмкүнчүлүк бербестен 10:0 эсебинде утуп алды. Чейрек финалда россиялык Марина Суровцева менен кезек келип, мекендешибиз аны дагы 10:0 эсебинде жеңди.

Нет описания.

Жарым финалдык кармашууда эстониялык Эпп Мяэге 3:3 эсебинде (акыркы упайды алган утат) жеңилип калды. Эми Айпери Медет кызы коло үчүн күрөшөт.

Спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 2-10-октябрда Норвегиянын Осло шаарында өтүүдө. Ага Кыргызстандын атынан 15 балбан аттанган.

Буга чейин Айсулуу Тыныбекова менен Эрназар Акматалиев аталган мелдештин финалына чыккан. Ал эми Алибек Осмонов Дүйнө чемпионатында коло медалды багындырган.

Пикир

Оставить комментарий