• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Айпери Медет кызы күрөш боюнча Азия чемпионатынын финалына чыкты

Спорт 0

Бишкек, 20.02.20. /Кабар/. Айпери Медет кызы Индиядагы күрөш боюнча Азия чемпионатынын финалына чыкты. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.

Мелдеш Индиянын Нью-Дели шаарында өтүүдө.

Медет кызы 76 кг чейинки салмакта күрөшүүдө. Ал тайпалык таймаштарда алгач өзбекстандык балбан кызды жеңип, бирок япониялык спортчу Хироэ Минагавага утулуп калган. Тайпада экинчи орунду алып, мелдештин жарым финалына чыккан.

Жарым финалда Медет кызы казакстандык балбан Элмира Сыздыкованы утуп, финалга өттү.

Айпери Медет кызы финалда кайрадан япониялык спортчу Хироэ Минагава менен беттешмекчи.

Пикир

Оставить комментарий