• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Айпери Медет кызы Zagreb Open мелдешинде күмүш медаль жеңди

Спорт 0

Бишкек, 05.02.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Айпери Медет кызы Хорватиядагы Zagreb Open эл аралык рейтингдик мелдешинде күмүш медаль жеңди. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында айтылат.

Мелдеш 1-5-февралда Загреб шаарында өттү. Айпери Медет кызы кыз-келиндер күрөшү боюнча 76 кг салмакта мелдештин 1/8 финалынан баштап күчүн сынады.

Ал алгач индиялык Киран аттуу кыз менен килем үстүнө чыгып, атаандашынын далысын жерге басуу менен таза жеңишти камсыздады. Чейрек финалда кыргыз кызы канадалык Жюстина Ди Стасио менен күрөшүп, анын дагы далысын жерге басып, жеңишти илип кетти.

Ал эми жарым финалда Медет кызы кытайлык Жуан Вангга каршы килемга чыкты. Кармашта эки упай артыкчылык менен келе жаткан кыргызстандык спортчу кайрадан атаандашынын далысын басканга жетишти. Финалда Айпери Медет кызы америкалык Елена Макойедге 2:4 эсебинде утулуп, мелдештин күмүш медалына татыды.

Пикир

Оставить комментарий