• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Айпери Медет кызы жана Назира Марсбек кызы Дүйнө чемпионатынан Бишкекке келишти

Спорт 0

Бишкек, 07.11.21. /Кабар/. Кыргызстандык спортчулар Айпери Медет кызы жана Назира Марсбек кызы Дүйнө чемпионатынан Бишкекке келишти. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Бүгүн, 7-ноябрь Бишкек шаарына спорттук күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасында Дүйнө чемпионатына катышкан Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команданын мүчөлөрү Айпери Медет кызы, Назира Марсбек кызы жана башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков келди.

Курама команда мүчөлөрүн «Манас» эл аралык аэропортунда Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын директору Нурлан Исмаилов, КРнын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команданын улук машыктыруучусу Байгазы Кенжебаев, дүйнө чемпиону Мээрим Жуманазарова жана башка спортчулардын жакындары, күйөрмандары тосуп алышты.

Белгилей кетсек, кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чепионаты 1-ноябрда Белград шаарында (Сербия) старт алган. Анда Айпери Медет кызы алтын медалды багындырган.

Пикир

Оставить комментарий