• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Айпери Медет кызы жаштар арасындагы Дүйнө чемпионатынын жарым финалына өттү

Спорт 0


Бишкек, 03.11.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы Сербияда өтүп жаткан 23 жашка чейинки кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын жарым финалына өттү. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун сайтында айтылат.

Мелдеш 1-7-ноябрда Белград шаарында өтүүдө.

Айпери Медет кызы 76 кг салмакта чемпионаттын 1/8 финалында Эквадордон келген Генесис Вальдес менен күрөштү. Алгач бутуна кирип эки упай топтой алды, көп өтпөй эквадордук спортчунун далысын жерге басып таза жеңишти камсыздады.

Ал эми чейрек финалда кыргызстандык спортчу индиялык Бипаша Бипашанын далысын жерге тийгизип таза жеңишке ээ болду.

Кыргызстандан атынан чемпионатка кыз-келиндер күрөшү боюнча эки спортчу аттанган. Экинчи балбан Назира Марсбек кызы (57 кг) эртең килем үстүнө чыгат.

Эскерте кетсек, Осло шаарында өткөн спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Айпери Медет кызы коло медаль багындырган.

Пикир

Оставить комментарий