• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Айпери Медет кызынын сиңдиси Айтолкун Азия чемпионатында коло утту

Спорт 0

Бишкек, 22.06.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Айтолкун Медет кызы Бишкектеги 17 жашка чейинки кыздар арасында күрөш боюнча Азия чемпионатында коло медаль утту.

Медет кызы 57 кг салмакта мелдешке катышып, коло үчүн кармашта кореялык атаандашын 6:4 эсебинде жеңип чыкты.

Белгилей кетсек, Айтолкун Медет кызы Азия чемпиону Айпери Медет кызынын сиңдиси болот. Ал эми Айпери 23 жашка чейинкилер арасындагы мелдешке чыгат. Кармашуулар 24-июнда саат 10:30да башталат.

Эскерте кетсек, 19-26-июнь күндөрү Bishkek Arena муз аянтчасында эркин, грек-рим жана кыз-келиндер арасында күрөш боюнча U-17 жана U-23 Азия чемпионаты өтүүдө.

Буга чейин 17 жашка чейинки грек-рим күрөшү боюнча кыргыз балбандары жети медаль багындырып, командалык көрсөткүчтө Кыргызстан биринчи орунду ээлеген.

Пикир

Оставить комментарий