• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

“Air Arabia” авиакомпаниясы Шарджа - Бишкек каттамы боюнча учуп баштайт

Коом 0

Бишкек, 16.05.19. /Салтанат Абдраева – Кабар/. “Air Arabia” авиакомпаниясы Шарджа (БАЭ) - Бишкек каттамы боюнча июль айынан тарта дайыма каттап баштайт. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү – Маалымат департаментинин директору Уланбек Дыйканбаев Бишкекте өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусу боюнча, аталган маршрут боюнча каттамдар жумасына 4 жолу жүргүзүлөт.

“Бул тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун ушул жылдын март айында Бириккен Арам Эмирлигине болгон расмий сапарынын жыйынтыгы десек болот. Ошондой эле бул жерде Дубай шаарындагы КРнын башкы колсулдугунун эмгеги абдан чоң”, - дейт Дыйканбаев.

Пикир

Оставить комментарий