• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын тутумуна жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 28-июль /Кабар/. КР БШКа Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын тутумуна жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди. Чечим тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн арыздарынын негизинде кабыл алынды.

КР БШКнын маалыматында, Ош облусу боюнча:

-А. Аттокуров (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) Ош аймактык шайлоо комиссиясынын тутумунан чыгарылып, резервден комиссиянын тутумуна Э. Аргынбаев (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди;

-С. Сулайманов (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) Араван аймактык шайлоо комиссиясынын тутумунан чыгарылып, К.Эралиев (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчулүктүү органынан) резервден комиссиянын тутумуна киргизилди;

-Ж. Садыкбаев, Э Джороев (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчулүктүү органынан) Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясынын тутумунан чыгарылып, Ш. Жанботоева, Р.Сражов (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) резервден комиссиянын тутумуна киргизилди;

Жалал-Абад облусу боюнча :

-М. Сайпидинов (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын тутумунан чыгарылып, Н.Топчубаева (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) резервден комиссиянын тутумуна киргизилди;

-А. Молдалиев (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын тутумунан чыгарылып, Д.Ашырахунова («Республика» саясий партиясынан) резервден комиссиянын тутумуна киргизилди;

-М. Арстанов, А.Ызакбаев (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынан тутумунан чыгарылып, Жаныбек кызы Алтынай жана К.Кудайбергенов (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчулүктүү органынан) резервден комиссиянын тутумуна киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий