• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Айрым чек ара аймагындагы айылдарды өзгөчө статус берилген тизмекке киргизүү демилгеси көтөрүлдү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 21-апрель /Кабар/. Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясынын кезектеги жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы жактырылды. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Жумагүл Эгамбердиева буга чейин өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын тизмеги бекитилгенин, бирок, кийинчерээк келип түшкөн кайрылууларды эске алуу менен, аларды ал тизмекке кошуу үчүн кошумча критерийлерди иштеп чыгуу зарылчылыгы пайда болгонун билдирди.

“Ал үчүн айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү маселесин чечүү керек.Өзгөчө статус берүү үчүн негизинен 3 критерий белгиленди: айылдын социалдык-экономикалык жактан начардыгы; айылдын жайгашкан шартынын катаалдыгы; улуттук коопсуздук жаатындагы абалы”, - дейт Жумагүл Эгамбердиева.

Белгилей кетсек, 2011-жылы түзүлгөн тизмекке 59 айыл, 10 участка киргизилип, алардын өнүгүүсүнө республикалык бюджеттен 1 млрд сом, жергиликтүү бюджеттен 350 млн сом өлчөмүндө каражат берилген. Ушу тапта дагы 56 айыл ошол тизмеге кирүү жөнүндө өтүнүчүн билдирди.

Пикир

Оставить комментарий