• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Айрым ишканалар электр энергиясын уруксат берилген кубаттуулуктан ашык колдонууда - министрлик

Экономика 0

Бишкек, 02.11.21. /Кабар/. Айрым ишканалар электр энергиясын уруксат берилген кубаттуулуктан алда канча ашык пайдаланууда.

Энергетика жана өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, мындай маалыматты жеке ишканалардын электр кубатын мыйзамдуу колдонушун текшерген жумушчу топтун өкүлдөрү билдирди.

Эскерте кетсек, Энергетика министрлигинин тапшырмасы менен учурда жумушчу топ жеке ишканалардын электр энергиясын пайдаланууга уруксат берилген документи менен иш жүзүндө колдонулган кубаттуулугун текшерүү иш-чарасын жүргүзүүдө.

Натыйжада айрым ишканалар документ түрүндө уруксат берилген кубаттуулуктан ашык колдонуп жатканы белгилүү болуп, алар боюнча акт түзүлдү.

Белгилей кетсек, Энергетика министрлиги жарандарды жана ишканаларды электр энергиясын үнөмдөөгө чакырат.

Пикир

Оставить комментарий