• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Айрым кодекстерге өзгөртүүлөр киргизилип, жоопкерчилик күчөтүлдү – Орозалиев

Коом 0

Бишкек, 04.04.20. /Кабар/. КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилип, ага ылайык айрым укук бузуулар үчүн жоопкерчилик күчөтүлдү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Ал кечээ, 3-апрель күнү президент тарабынан "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (КР Жазык кодексине, КР Жоруктар жөнүндө кодексине, КР Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол коюлганын айтып өттү.

"Жоруктар кодексинин 119-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, өзгөчө абалдын талаптарын бузгандыгы үчүн 20 миңден 30 миң сомго чейин айып салуу же 3 айдан 6 айга чейин эркиндигин чектөө же 30дан 40 саатка чейин коомдук иштерге тартуу каралды. Ошол эле берененин 2-бөлүгүнө ылайык өзгөчө абал жана согуштук абалдын талаптарын бузгандыгы үчүн 30 миңден 60 миң сомго чейин айыппул салуу же 6 айдан 1 жылга чейин эркиндигин чектөө же 40 сааттан 60 саатка чейин коомдук иштерге тартуу каралууда. Ушул эле кодекстин 127-беренесине толуктоо киргизилип, ага ылайык чектөө чараларынын (карантиндин) эрежелерин (талаптарын) бузгандыгы үчүн 20 миңден 30 миң сомго чейин айыппул салынат. Ушул эле иш-аракеттер өзгөчө абал же согуш абалы учурунда жасалса 30 миңден 60 миң сомго чейин айыппул салынат. Ошондой коменданттык сааттын талаптарын бузгандарга – жеке жактарга 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом айып салынат", - деди ал.

Ал белгилегендей, өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал же согуштук абал киргизилген аймакта туура эмес маалымат жайылтуу аркылуу коомдук тартипти бузган, адамдардын тынчтыгын бузган иш-аракеттер үчүн жеке адамдарга 5,5 миң сом, юридикалык жактарга 17 миң сом айыппул салынат.

Сөзүнүн аягында Орозалиев жарандарды мыйзамдарды сактоо чакырып өттү.

Пикир

Оставить комментарий